"Лейлек" чакан ГЭСин куруу "Кыргыз Каганат" ишканасына берилди

"Лейлек" чакан ГЭСин "Кыргыз Каганат" ишканасы курат. Келишимге Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев менен аталган ишкананын жетекчиси Айжигит Апсатар уулу кол койгонун мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, буга чейин 14 ГЭСти куруу боюнча тендер жарыяланып, анын ичинен 11 ГЭСти курууга 6 ишкана катышкан. "Кыргыз Каганат" ишканасы "Лейлек" ГЭСин курууну утса, калган 10 ГЭСти курууну Чехиянын "Liglass Trading CZ. SRO" ишканасы уткан. "Кыргыз Каганат" ишканасы ГЭСтин курулушун талапка ылайык, 2 айга жетпеген убакытта баштап, 3 жылдын ичинде пайдаланууга берүүсү керек. ГЭСтин кубаттуулугу 10 мВт болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
scorp
2017-07-12 17:13:53
Баары жакшы анан ушул ГЭСтердин баары курулуп бутсо мамлекетибизге кандай пайда болот? же дагы деле светти очурбой боло береби?
0
ormonkan
2017-07-12 21:46:23
Лейлектин кайсыл жерине курулат, ким билет?
0
temirov76
2017-07-12 23:25:10
ormonkan,бүгүн белеске бардым эле ГЭС курулуп жатат деп уктум,менимче ошол болсо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан