Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан өлкөдө 1 410 жаранга ипотекалык насыя берилди

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан өлкөдө 1 410 жаранга ипотекалык насыя берилди. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев маалымат жыйында билдирди.

"1-июнга карата өлкөдө берилген ипотекалык насыялардын куржуну жалпысынан 8 миллиард 8 миллион сомду түзгөн. Анын ичинен аталган компаниядан 1 миллиард 1 миллион сом берилген. Ипотекалык насыялардын куржуну ай сайын өсүү тенденциясын көрсөтүп турат”, - деди ал.

Анын айтымында, берилип жаткан насыянын 30-40 пайызын билим берүү тармагындагылар алып жатат. Ал эми 20 пайызы саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенгендерге берилип жатканын билдирди.

2016-жылы өкмөт "Арзан турак жай-2015-2020" программасын кабыл алган. Ипотекалык насыя былтыркы жылдын март айынан тарта бериле баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан