Мамлекеттик ипотекалык компания: "Ипотекалык насыя ала тургандардын саны 8 миңге жетти"

Ипотекалык насыя ала тургандардын саны 8 миңге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 1 410 жаран насыя алды. Ошондой эле 3 миңге жакын адам документтерин тапшырып, банктарга кайрылбай жатат. Ал эми 1 500 жаран насыянын мөөнөтүн узартып берүүнү суранууда. Бишкектен же Оштон үй алууга документтерин тапшыргандардын 1 800үнүн башка аймактарда турак жайлары болгондуктан, тизмеден алынышкан.

2016-жылы өкмөт "Арзан турак жай-2015-2020" программасын кабыл алган. Ипотекалык насыя былтыркы жылдын март айынан тарта бериле баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан