2017-2020-жылдары Кыргыздын эл аралык спорттук мелдештерге катышуучу курама командаларынын түзүмү бекитилди. Бул тууралуу 12-июлда өкмөттөн билдиришти.
Бүгүнкү күндөн тарта 2020-жылга чейин өтүүчү эл аралык спорттук мелдештердин түзүмү бекитилди, алар:
2017-жылдын 18-30-июлунда Түркиянын Самсун шаарында өтүүчү XXIII жайкы Сурдолимпиадалык оюндар.
2017-жылдын 17-20-сентябрында Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүүчү жабык жайда алышуу искусствосу боюнча V Азия оюндары.
2018-жылдын 9-25-февралында Түштүк Кореянын Пхёнчан шаарында өтүүчү XXIII кышкы олимпиада оюндары.
2018-жылдын 9-18-мартында Түштүк Кореянын Пхёнчан шаарында өтүүчү XII Паралимпиадалык оюндар.
2018-жылдын 11-23-сентябрында Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өтүүчү балдардын жайкы олимпиада оюндары.
2018-жылдын 5-20-сентябрында Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтүүчү жайкы Азия оюндары.
2019-жылдын 2-12-мартында Орусиянын Красноярск шаарында өтүүчү XXIX кышкы универсиада.
2019-жылдын 19-30-июлунда Италиянын Неаполь шаарында өтүүчү XXX жайкы универсиада.
2020-жылдын 10-19-январында Швейцариянын Лозанна шаарында өтүүчү III өспүрүмдөрдүн кышкы олимпиадалык оюндары.
2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын Токио шаарында өтүүчү XXXII жайкы Олимпиада оюндары.