Бишкекте өтүп жаткан "Суперфутбол-2013" мелдешинин 2-күнкү оюндарынын алкагында "SUPER.KG” командасы “Бийчилер” командасын 4:3 эсебинде дарбазага 11 метрден топ тебүү менен утту. Айта кетсек, эки командага берилген мүнөт аяктаганда оюндагы голдор 1:1 эсебинде болуп калган. Мындан улам эки командага пенальтилер сериясы белгиленип, "SUPER.KG” 4 гол, “Бийчилер” 3 гол киргизди.