Бүгүн, 12-июлдан тарта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунун кассасында Азия чемпиондугуна тандап алуу этабынын оюндарына билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу футбол федерациясы билдирет.
Белгилей кетсек, Бишкекте 19-23-июль аралыгында 3 оюн орун алат. Билеттердин баасы 3 беттешке тең 150 сомду түзөт.
Кыргыз өлкөсүнүн 23 жашка чейинки футболчулары "А" тайпасына кирип, Иран жана Оман курама командаларынын оюнчулары менен беттешет.
Оюндар:
Кыргыз өлкөсү-Иран (19-июль, саат 19:00);
Оман-Кыргыз өлкөсү (21-июль, саат 19:00);
Иран-Оман (23-июль, саат 19:00).