15:00. Популярдуу ырчы Нурмат Садыровдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталды. Ал телеалпаруучулардын "ойготуучу" 20 суроосуна жооп берип жатат.
15:06. Ырчы жаңы тартылган "Кыргызымдын кыздары" клибинин кандай шартта тартылгандыгын айтып берүүдө.
15:09. Ырчы окурмандардын суроолоруна жооп берүүдө. "Жашың 30га келип калды, качан үйлөнөсүң?" - деген суроого ал: "28 жаштамын, 30га чыга элекмин (күлүп). Азырынча сүйлөшкөн кызым жок. Кыздарга убакыт бөлүп, 2 күндүн биринде чалып туруш керек. Мен убакытымдын баарын чыгармачылыкка арнап жатам", - деп жооп берди.
15:12. Ырчы күйөрманынын "Кыз жандуусузбу?" - деген суроосуна төмөндөгүчө жооп берди.
"Эркек эркектерге жакын болгондон көрө кыз жандуу болгон жакшы го (күлүп). Суроо чыгармачыл адамдардын баарына тиешелүү экен. Күйөрмандарымдын 80 пайызы кыздар. Социалдык тармактарда 200гө жакын фан-баракчам бар. Ал жакка кирип кыздар менен учурашып турам. Бир дагы күйөрманымдын көңүлүн калтыргым келбейт".
15:17. Окурман "Торгоюмдагы" кыз менен Нурлан Насип Асел Кадырбекова менен урушуп жүргөндө сүйлөшүп, ошондо тааныштырган дешет, чынбы?" - деген суроо берди.
Ага ырчы: "Асел менен Нурландын өз иши, ал жагын билбейм. "Торгоюмдун" клибине тартылчу кызды кастинг аркылуу тандап баштаганбыз, бирок эч ким аткара алган жок. Башкы каарманды клипмейкер Эрнист Сыдыков социалдык тармак аркылуу таап, сунуштап, макулдугун алган", - деп жооп берди.
15:20. Колдонуучунун "Ырчы болуп кандай байлык топтой алдыңыз?" - деген суроосуна мындайча жооп берди:
"Эң биринчи байлыгым - күйөрмандарым, ырларым, клиптерим. Эки куржунум бар, биринде ырлар, экинчисинде клиптерим. Аларды күйөрмандарыма тартуулап турам. Байлыктын түбүнө эч ким жеткен эмес".
15:23. Суроо: "Муштум менен көйгөй чечип көрдүңүз беле?"
Ырчынын жообу: "Ар бир адамдын кыял-жоругу бар. Мен мушташа тургандай чөйрөдө эмесмин. Акыл-эске салып, сөз менен жайгарууга аракет кылам".
15:25. Ырчынын "Кыргыз кыздары" аттуу жаңы клиби көрсөтүлүп жатат.
15:30. Ырчы "Кандай кыздар жагат?" жана "Кандай кыздар жакпайт?" деген суроолорго кезеги менен алфавиттин ар бир тамгасынан башталган жоопторду узатып жатат.
15:34. "Мурдагы сүйлөшкөн кызыңыз Сайкал менен мамилеңиз барбы?" - деген суроого ырчы: "Сайкал кесиптешим, жакшы мамиледебиз. Адамдын жакшы мамилесин эч качан четке какпаш керек. Ал күйөөгө тийсе, сүйүнүп кызмат кылам. Ал мени сыйлап жакшы көрөт", - дейт.
15:37. Окурмандын: "Келинчегиңе калың топтодуңбу? Канча бересиң? Жубайыңдын ачык кийинишине каршы болосуңбу?" - деген суроосуна ырчы: "Сүйлөшкөн кыз таба элек жатып калыңды кайдан топтойм (күлүп). Кийин сүйүктүүм менен мамилем бекемделген кезде калың топтой баштайм. Жубайына узунураак кий деп айтып коюу - эркектин милдети деп ойлойм", - деп жооп берди.
15:41. "9-класста окуп жүргөндөн баштап эки жыл бир кыз менен сүйлөшкөм. Ал күйөөгө тийип кеткенде "Мен сүйгөн менен пайда жок" деген ырым жаралган", - дейт ырчы.
15:46. Ырчы "Жан апа" чыгармасын комуздун коштоосунда аткарып берди.
15:55. "Сизди кара куурай чегип, милицияга кармалган деп уккам. Ошол окуяны кантип чечтиңиз эле?" - деген суроого ырчы: "Мындай жаман иштерден алысмын. Кудай берген ырыскыны жакшы жакка колдонууга аракет кылам", - деп жооп берди.
16:00. "Болочоктогу жубайыңыз кыздар менен ырдабайсың десе эмне кыласыз?" - деген суроого ырчы: "Мен, биринчиден, менин чыгармачылыгымды сыйлаган, түшүнгөн кызга үйлөнсөм дейм. Чындап түшүнгөн кыз болсо, үйлөнүп алгандан кийин антпейт болуш керек. Кыз кезинде баары жакшы дешет, сүйлөшүп жаткан кезде "айтканыңды кылам" деп коюп, кийин ошентсе билбейм анда. Мени сыйласа, чыгармачылыгымды түшүнөт. Шоу-чөйрөсүндөгү кыздарга үйлөнбөйм дебейм. Мага айырмасы жок, болочоктогу жубайым жөнөкөй эле карапайым кыздардын арасынан же күйөрмандарымдын арасынан болушу мүмкүн", - деген жообун узатты.
16:03. Колдонуучулардын бири ырчыга: "Сизди көргөндө эрий түшөм, жакшы көрөм. Сиздин ырларыңызды укканда экөөбүздүн чогуу болгонубузду кыялданам", - деген билдирүүсүн жиберди. Анда ырчы: "Көптөр мени кыз жандуу деп ойлойт. Күйөрмандарым мага ушинтип сүйүүсүн билдирип, "жакшы көрөм" деп жатса, кантип кыз жандуу болбой коёсуң. Мен да эрип кетем мындай сөздөрдү укканда", - деп жооп берди.
16:05. Күйөрманынын "Канча кыздын этегине "оонадыңыз" эле?" - деген суроосуна ырчы: "Анчалык аша чапкан адам эмесмин. Шоу-чөйрөсүндө жүрөм, тескерисинче, канча кыз менен таанышсам, ошончо жаманатты болорумду билем. Кыздарды алыстан эле тааныйм. Мени сыйлаган адам болсо менин дарегиме жаман сөз айтпайт деп ойлойм. Кыздарга туура эмес мамиле кылган эмесмин", - деп жооп берди.
16:10. Окурман: "Гезиттен мурда "Нурмат Садыров кыз зордуктоо боюнча айыпталды" деген макаланы окудум эле. Бул боюнча өзүнүн оозунан уккум келип жатат", - деген суроо узатты.
Ырчы: "Кудай сактасын. Андай болгон эмес", - деген жообун айтты.
16:15. Ырчы алпаруучулар даярдаган оюнга активдүү катышып берди.
16:33. Нурмат Садыров күйөрманынын суранычын аткарып, досуна чалып, карыянын образында сүйлөштү.
16:35. Ырчы өзүнө берилген суроолордун ичинен кызын ага турмушка бергиси келген окурмандын суроосун оригиналдуу деп таап, ага белегин таштады.
16:38. Ырчынын түз эфирдеги маеги жыйынтыкталды.