Бүгүн, 12-июлда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугунун жеңүүчүлөрү Дарья Маслова жана Адилет Кыштабеков менен жолукту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жеңил атлетиктерди татыктуу жеңиши менен куттуктап, спортчуларды Кыргыз өлкөсүнүн премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйлады. Өкмөт башчы Дарья Масловага жана Адилет Кыштабековго алдыда жаңы жеңиштерге жана жетишкендиктерди багынтарына ишенимин билдирди.
«Эгемендүүлүк жылдардагы кыргыз спортунун тарыхында Дарьянын жеңиши уникалдуу болуп саналат. Сиздин жеңишиңизди сыймык менен кабыл алам. Сиз Кыргызды эл аралык спорттук аренада татыктуу тааныта алдыңыз. Мен биздин спортчулардын жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатындагы чыгуусун көрдүм жана спортчуларыбызды чын дилимден колдодум. Спорт мага чоочун эмес. Мен өз убагында волейбол боюнча райондун курама командасында ойногом. Мектепте болсо аталган спорттун түрү боюнча команданын капитаны болгом », – деди Жээнбеков.
Эске салсак, Азия чемпиондугу Индиянын Бхубанешвар шаарында өткөн, анда Дарья Маслова 5000 жана 10 000 миң метр аралыкта жарышып эки алтын медалды тагынган. Адилет Кыштабеков 10 000 метр аралыкта жарышып коло медалга ээ болгон.