Санкт-Петербург шаарындагы "Киров" трактор заводу өрттөнүп жатат

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы "Киров" трактор заводу өрттөнүп жатат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда өрттү чектөө аракеттери жүрүп жатат. Ал жерге 20 өрт өчүрүүчү унаа жана 100 адам тартылган. Кошумча катары 1 тик учак да тартылып, керек учурда экинчи учак да даяр турат.
Алдын ала маалыматтар боюнча өрттүн чыгуусуна ширетүүчүлөр себепкер болушкан. Ширетүү учурунда учкундар жылуулук сактаган кездемелерге түшүп, мындан улам өрттүн келип чыкканы айтылууда.

Айта кетсек, "Киров" заводу орусиядагы эң эле ири заводдордун катарын толуктап, 6 миңден ашуун адам иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ali-han
2017-07-12 16:28:02
Адамдар аман болсо экен. Кыргыз био туугандар болсо керек иштеген
0
taalay25
2017-07-12 17:02:15
Москвада кундо эле пожар
0
Leilektik
2017-07-12 18:05:15
Москва менен Кыргызстанда орт быйыл коп болдуда,себеби арак,же сигарет,же сабатсыздыктын айынан ,адамдардын соргоктугудан ,ачкоздогудон,Аллах сынап жатат
0
jbolotov
2017-07-12 20:15:21
Россиядада эмгек уюштуруучулук шалаакыда биздегидей.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан