Өзгөн районунун Курбу-Таш айылында үйүн көчкү баскан жалгыз согуштун ардагерине өкмөттөн көӊүл бурулбай жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу 12-июлда кабарлады.
"Үйүн көчкү баскандардын арасында Улуу Ата Мекендик согуштун 95 жаштагы ардагери Жумабай Амиров атабыз да бар. Үйсүз калгандан бери ардагер Куршаб айылынын четинде 2 бөлмөлүү үйдү ижарага алып баш калкалоодо. Өзгөндүн Жалпак-Таш айыл өкмөтү боюнча ушул жалгыз согуш ардагери эле калган. Өкмөттөн эч кандай жардам болбой жатат. Аксакал өзү "үй беребиз деп убада беришкен, дайын жок" деп кейип жатат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.