Сокулук районунун 45 жаштагы тургуну ири көлөмдөгү кара куурай менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ИИМдин Чүй облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери райондогу Жаңы-Жер айылынын жашоочусунун үйүн текшерүүгө алышкан. Анда үйүнөн 2 мүшөк кара куурай табышкан. Бул факты боюнча кармалган адамга кылмыш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.