Бишкекте 7 жаштагы баланы темир эшик басып калды

Бишкек шаарынын Сухэ Батор менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн алдында 7 жаштагы баланы темир эшик басып калды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, окуя бүгүн, 12-июлда саат 16:00дөр чамасында болгон. Жабыркаган баланы "Тез жардам" унаасы менен ооруканага алып кетишкен.

"Оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, темир эшик дубалга жөлөнүп турган. Эмне себептен кулагандыгы учурда териштирилип жатат. Окуя болгон жерге тергөөчүлөр жөнөтүлдү", - дейт Адыл Оморов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tunerbei1812
2017-07-12 18:35:37
Баягы эле шалаакылык. Мындайда ар кимиси аппак болуп чыга келет. Баланын ден соолугу менен тагдырычы.
0
zzz---zzz
2017-07-12 22:39:49
Эмне учун сухе батор кочосу кыргыздын аты куруп калыптырбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан