Испаниялык ырчы Хулио Иглесиастын никесиз төрөлгөн 40 жаштагы уулу пайда болду

Испаниялык ырчы Хулио Иглесиастын никесиз төрөлгөн 40 жаштагы уулу пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Валенсия шаарынын 40 жаштагы тургуну Хавьер Сантос ДНК-тесттен өткөндө, анын Иглесиас менен туугандык катышы бар экени далилденген.

Сантостун апасы португалиялык балерина, 1990-жылдан тарта уулунун атасы Хулио Иглесиас экенин айтып, бирок далилдей албай келген. Анын айтымында, ал 1970-жылдары ырчы менен сүйүү мамилесинде болуп, жыйынтыгында боюнда болуп калган. Ырчы бул сөздөрдү четке кагып келген. Себеби ал учурда Иглесиас Исабел Прейслер аттуу моделге үйлөнүп, алар наристе күтүп жатышкан.

Эми ДНК-тесттин жыйынтыгы туура чыккандан кийин Сантос сотко кайрылып, анын атасы Хулио Иглесиас экенин расмий түрдө аныктагысы келерин маалымдаган.

Учурда Хулио Иглесиастын расмий түрдө 8 баласы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Janybekleilekkg
2017-07-12 20:03:25
Аты кантет
+1
kychan.98
2017-07-12 21:35:28
Энрике Иглесиастын папасыбы ошондо бул чал?
+1
futboler
2017-07-12 22:01:31
kychan.98,ооба
+3
Nevestkaa
2017-07-13 00:37:01
Атасынын ушундайынан Енрике үйлөнбөй жургөнүн айткан экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан