Ысык-Көл районунда бир үй-бүлө мүчөлөрү бара жаткан унаа кырсыкка кабылып, эки адам каза болду

Ысык-Көл районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн Чоң-Сары-Ой айылында катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2007-жылы туулган А.Н. жана 2008-жылы туулган А.А. Чолпон-Ата аймактык ооруканасына жеткирилген. Алардын баш мээси чайкалып, бел омурткалары жабыркаган. Учурда жабыркагандардын абалы орто оор абалда.

Алдын ала маалымат боюнча, 35-40 жаштагы аял жана 10 жаштагы бала каза болгон. Унаанын ичинде бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан. Унааны үй ээси башкарып бара жаткан. Бирок ал жабыркаган эмес.

Азырынча кырсыктын эмнеден улам келип чыкканы белгисиз болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidan88
2017-07-12 19:04:31
Joldo jurgondo abailagylachy ,kunugo jol kyrsygy ,kyrsyktan tyshkary bolsunchu kyrgyz elim
+3
Aznazalai
2017-07-12 20:41:21
Ии байкуштар(((жаны жаннаттан болсун.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан