Ошто жол тандабас 50 жаштардагы аялды сүзүп кетти

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жол тандабас унаа 50 жаш чамасындагы аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ош облусу боюнча Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз катчысы Айбек Бечелов билдирди. Анын айтуусуна караганда, окуя бүгүн 12-июлда кечке жуук болгон.

"Аял киши жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан учурда "Лексус 470" үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Окуя болгон жерден жабыр тарткан аялды ооруканага алып кетишкен", - дейт Айбек Бечелов.

Мындан тышкары ал учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын, маалымат толук такталган соң дагы кошумча маалымат берилерин билдирди.

Эскерте кетсек, интернет колдонуучулар окуяны жеринен видеого тартып алышкан.

Ошто жол тандабас жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2017-07-13 08:46:52
Абайлайлы туугандар,айдоочубуз дагы жургунчубуз дагы озубузго сак бололу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан