Өзбекстандын жаштар курама командасы гандбол боюнча Дүйнө кубогун жеңип алды

Италияда жаштар арасында өткөн гандбол боюнча Дүйнө кубогун Өзбекстан курама командасы жеңип алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Дүйнө кубогунда 31 өлкөнүн курама командасы катышкан. Өзбекстан курама командасы тайпалык баскычта Дания, Германия, Италия жана Түркия курама командаларын жеңген. Мелдештин регламенти боюнча финалда, тайпалык баскычта упайлар боюнча жогору орунда турган курамалар кездешти. Алар Өзбекстан жана Германия курамалары болду. Жыйынтыгында Өзбекстан курама командасы 28:24 эсеби менен Германия курамасын жеңип, Дүйнө кубогун утуп алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
moskyrsat
2017-07-12 22:30:40
Саясат пикет боюнча мелдеш ототурган болсо эгер биздикилер алдынкы месталарга илешет болчу
+3
Nargiza1987k
2017-07-12 22:34:46
Азаматтар алгаа бул женишке да чоон куч керек биздин чондор отура бергиле куноосу жокторду соттоп
+2
KGstan1981
2017-07-12 22:48:59
Озбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев спортко жакшы конул бурат.Озбекстанда жаны спорт сарайлар ж-а стадиондор курулду.Ал эми КСДПнын Ата Журту Атамбаев озуно Кой-Ташка хан сарайды курду.
+4
Edward.14
2017-07-12 23:03:37
Качан онугобуз? Качан онолобуз? Качан спорттон дуйно чемпиону болобуз?Же ушинтип эле журо беребизби?
+4
kymaw
2017-07-12 23:18:34
бизде деле акыркы убактарда коп эле спорттон женип жатышат. мисалы куроштон ошол эле озбек балбанын финалда Акжол Махмудов женди. мма боюнча да жакшы ийгиликтерди корсотуп жатышат. азыр жаштарыбыз сыймыктанаарлык десем жанылышпайм
+4
Komrad
2017-07-13 07:18:49
kymaw, ММА дан утуп, олимпиададан утпай атканыбыз, кыргыз расмий спорт жетекчилердин ынтымактын жоктугун, айла жок ММА дан чемпион балдарыбыз грузчик болуп иштеп жургонун билдирет
+1
Anucha
2017-07-13 03:19:03
Жол тандабас деген балекеттен сузгонду,эреже сактабаганды эле билип калгандайбыз.Эмнеге?Машине алганча олуп кетишет,канча Жан кырылып кетти
+1
Leilektik
2017-07-13 04:31:58
Озубуздун улуттук ойундардан биринчиликти эч кимге бербей,улуттук ойундарды жоготпой сактасак ошол биздин дуйно чемпион !
+1
Komrad
2017-07-13 07:23:33
Ичибиз ачышканы туура эмес, коншуну куттуктап, колдоп коюш керек. Озбектер мурунтан эле футбол боюнча азияда баарын утуп Ирандан кийинки местаны алышчу. Шахмат, бокс да онуккон.
0
Teke4444
2017-07-13 08:40:59
Эхх кыргыздар
0
Baiaman07
2017-07-13 08:49:37
Бизде качан спортко конул бурулат е, жакшы спорт залдар курулуп, элим учун жерим учун деген тренирлер чыкса экен чондорго аллах озу ынсап берсин.
0
tima01
2017-07-13 08:51:12
Куттуктайбыз соседдерди
0
kechirmeni
2017-07-13 08:59:33
Сосед ака табриклаймиз
-1
admin_superstan
2017-07-13 11:19:41
kechirmeni, портал кыргыз тилдүү болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайм.
0
nemo2016
2017-07-13 09:57:02
Алма быш оозума туш деп ар кимден карыз ала берсе каяка онугот элек
0
admin_superstan
2017-07-13 11:20:36
Ibanurkb, улут аралык келишпестиктерди жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Alixan-Nookat.2015
2017-07-13 13:25:55
Байыркы элбиз дейбиз бардыгынан алдыда болушубуз керек тилекке каршы арт жактабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан