ЖЫЛНААМА, 13-ИЮЛЬ: Жазуучу жана коомдук-саясий ишмер Султан Раев 59 жашка толду

Жазуучу, коомдук жана саясий ишмер Султан Раев 59 жашка толду. Ал 1958-жылы 13-июлда Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылында төрөлгөн. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1984-2002-жылдарга чейин республикалык басма сөздөрдө иштеген, "Асаба" гезитинин башкы редакторунун орун басары, "Кыргыз руху" газетасынын башкы редактору, "Азаттык" радиосунун саясий баяндамачысы болгон.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп дайындалган. 2005-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри болуп иштеген. 2010-жылдын июнь айынан баштап Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси, 2012-жылдын мартынан тартып Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеңешчиси, ал эми 2012-жылдын 7-мартынан 2014-жылдын 4-апрелине чейин КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри болгон.
Султан Раев Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КМШ Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.
13-июлга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан