Аксы районунда сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекилов билдирди.
Маалыматка караганда, 12-июль күнү аталган райондун Кызыл-Туу, Авлетим, Кара-Суу айыл аймактарында катуу жаан жаап, мындан улам сел жүргөн.
"Авлетим айыл аймагында жолдорго зыян келтирилип, 14 үйдүн короосун суу каптаган. Ошондой эле 6 үйдүн жер төлөсүнө суу кирген. Ал эми Кара-Сууда катуу жамгыр мөндүр менен коштолуп, дарактар сынып, бакча өсүмдүктөрүнө жана жашылча-жемиштерге зыян келтирилген. Кызыл-Тууда болсо сел жүрүп, ички чарбалык жолдор зыянга учураган. Азыркы тапта келтирилген материалдык чыгымдар эсептелип жатат", - дейт Абдишарип Бекилов.