"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүндө 11 коррупциялык жана коррупция жаралуусу ыктымал делген 49 тобокел аныкталды". Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Коопсуздук кеңештин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жумушчу тобу кезектеги отурумунда мекеменин ишмердүүлүгү боюнча жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгын карап чыкты. Иликтөө Эсептөө палатасынын актыларын, кызматтык иликтөөлөрдү, жарандардын арыздарын, аталган министрликке байланыштуу кылмыш иштерин эске алуунун негизинде жүргөн.
Коопсуздук кеңештин катчысы Темир Жумакадыров отурумда министрликтин ишмердүүлүгү боюнча масштабдуу иш жүргөнүн айтты. "ӨКМ өз учурунда бул ишке тийиштүү жардамын берди. Биздин алдыдагы милдетибиз - министрликте коррупциянын жаралуусунан коргоочу систем түзүү, ошондой эле министрликтин ишмердүүлүгүн арттыруу", - деди ал.
ӨКМнын системинде коррупциянын жаралуусу кырсыкты алдын ала эскертүү, кырсыктын кесепеттерин жоюу, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, мүлктөрдү пайдаланууда келип чыгуусу ыктымал жана каржылык мыйзам бузуулар болгону айтылды.
Жыйынтыгында жумушчу топ мекемедеги коррупцияны жоюу үчүн кошумча чараларды иштеп чыгуу чечимин кабыл алды.