Орусияда жарандардын өмүрү Европанын жашоочуларынын өмүрүнө караганда кыскараак. Ал эми дүйнө боюнча алып караганда Орусия калкы узак жашаган жүз өлкөнүн катарына кире албайт. Муну менен катар эле өлкөдө жаш эркектердин өлүмү көбөйүп жатканын «Зюддойче Цайтунг» гезити Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун иликтөөсүнө таянып жазганын орусиялык басылмалар маалымдоодо.
Анда белгиленгендей, орусиялыктардын өлүмүнүн эң башкы себептери - алкоголь, сууга чөгүү, зордуктоо, өзүн өзү өлтүрүү жана жол-транспорт кырсыктары.
"Бирок бул жылы Орусияда жашоочулардын өмүрү жалпысынан мурдагыдан узарганы байкалды. Мындай алдыга жылуулар өзгөчө алкоголдук ичимдиктерди көп колдонбогон, экологиялык таза тамактары бар аймактарда Москва шаарында жана Кавказ республикаларында байкалат. Өткөн жылы төрөлгөн кыздар 77 жашка чейин, эркек балдар 66 жашка чейин жашай турганы болжолдонууда", - деп жазылат маалыматта.