Тоң районунда эки унаа бетме-бет сүзүшүп, 3 адам жеңил жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 12-июль күнү саат 16:20 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 87-чакырымында болгон. Анда 1988-жылы туулган Канжан Жумабаев аттуу айдоочу Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаасы менен чыгышты көздөй келе жатып, каршы тилкедеги 1976-жылы туулган Алтынбек Жайлообаевдин башкаруусундагы Тойота Авенсис менен сүзүшкөн.
"Кырсыктын кесепетинен Хонда Аккорддун жүргүнчүсү 1975-жылы туулган Айгүл Обозова жана Тойота Авенсистин жүргүнчүлөрү 1966-жылы туулган Элмира Алымсеитова, 1965-жылы туулган Тынчтыкбек Тойгонбаев жеңил жаракат алышып, Тоң райондук ооруканасына көрүнүп кетишкен", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.