"Суперфутбол-2013" мелдешинин 2-күнкү оюндарынын акыркы беттешүүсүндө “Аю” жана “Мегаком” командалары таймашты. Оюнга берилген негизги убакыт аяктаганча командалар бири-бирине гол киргизе алышкан жок. Буга байланыштуу 11 метрден дарбазага топ тебүү белгиленип, анда "Аю" командасы 4 гол киргизүү менен утуп кетти. Ал эми "Мегаком" 2 гол киргизди. Эскерте кетсек, эртең, 19-майда финалдык оюндар өтөт. Анда жеңүүчү болгон команда баш байгеге сайылган тайды жетелеп кетмекчи.