ЖЫЛНААМА, 13-ИЮЛЬ: 87 жыл мурун Уругвайда футбол боюнча алгачкы Дүйнө чемпиондугу старт алган

Уругвайдын Монтевидео шаарында 1930-жылы 13-июлда футбол боюнча алгачкы Дүйнө чемпиондугу орун алган.

Ага Түштүк Америкадан 7 өлкө, Европа аймагынан 4 өлкө, Түндүк Америкадан 2 өлкө келип катышкан. Дүйнө чемпиондугунун алгачкы эки беттеши бир убакытта башталган, анда Франция 4:1 эсеби менен Мексиканы жеңсе, АКШ 3:0 эсеби менен Белгия курамасын жеңген. Дүйнө чемпиондугунун тарыхындагы алгачкы голду франциялык Люсьен Лоран киргизген.
Жарым финалга 13 курама командадан 4 курама өткөн, алар Аргентина, Уругвай, АКШ жана Югославия болгон. Финалдык бөлүктө Аргентина менен Уругвай кездешкен. Анда Уругвай курамасы 1-таймда жеңилип баратып, 2-таймда эсепти 4:2 айлантып, жеңишке жеткен.
13-июлга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан