Бүгүн, 13-июль күнү Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) жаштар арасында өтө турган дзюдо боюнча Азия чемпиондугу башталат.
Маалым болгондой, мелдеш 2000-2002-жылкы спортчулар арасында жүрүп, ага 15 өлкөдөн (Кыргыз өлкөсү, Гонконг, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Ливан, Макао, Монголия, Пакистан, Сауд Аравиясы, Түштүк Корея, Тажикстан, Өзбекстан жана Вьетнам) келген жалпы 158 спортчу катышат.
Маалымдай кетсек, мелдештин алгачкы күнү 8 комплект медаль ойнотулат.
Алдын ала күрөштөр саат 9:30 башталат.
Салтанаттуу ачылыш аземи саат 15:30 башталат.
Финалдык беттештер саат 16:00 старт алмакчы.