Бүгүн, 18-майда Бишкектеги “Дордой” спорт-комплексинде “Суперфутбол-2013” мелдешинин 2-күнкү оюндары соңуна чыкты. Бул күнү жалпы 9 оюн болуп, командалар төмөндөгүдөй эсепте беттешти жыйынтыкташты:
“SUPER.KG” – “Актёрлор” 4:1,
“Бийчилер” – “Z-Fashion” 2:1,
“Билайн” – “SELA” 3:0,
“Мегаком” – “О!” 2:4,
“Аюу” – “Шоро” 7:1,
КТРК – “Тамашоу” 2:1,
“SUPER.KG” – “Бийчилер” 4:3,
“Билайн” – “О!” 3:0,
“Аюу” – “Мегаком” 4:2.
Ал эми эртең, 19-майда жарым финал жана финалдык оюндар өтүп, анда төмөнкү командалар беттешет:
КТРК - “SUPER.KG”
“Билайн” - “Аюу”.