Бүгүн, 13-июлдагы маалымат жыйынында Токой чарба башкармалыгынын кызматкерлери жер тилкелери менчиктештирилип кеткенин айтышты.
Башкармалыктын мурунку кызматкери Базаркүл Даданованын айтымында, көп жыл иштегендерге 1988-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынан жер тилкеси берилген.
“Үйү жок, көп иштеген 30 кызматкерге 2 гектар жер тилкеси берилген. Мүмкүнчүлүгү барлар ошол замат там салып алышса, колунда жоктор таш-топурак төктүрүп гана тим болушкан. Бирок эч ким аларды жер тилкесине ээлик кылуу укугунан ажыраткан эмес. Башкармалыктын профсоюзунун төрагасы Канатбек Осмонов эч кимибиз менен кеңешпей, жер тилкелерин сатып жиберген. Мындан башка аталган эле райондун Байтик айылынан айыл чарба багытындагы бир топ жерлерди менчиктештирип жиберген. Бул маселени айтып биз Чүй облустук прокуратурага, Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңешке кайрылганбыз. Бирок үнүбүздү эч ким уккан жок. Райондук сот Осмоновдун пайдасына ылайык чечим чыгарып жатат. Профсоюздун төрагасынын 30дан ашык адамдын жерин сатып жибергени боюнча сураган киши болобу? Ошондуктан президент Алмазбек Атамбаевге кайрылууну туура көрдүк”, - деди ал.