Дүйнөлүк күрөш бирикмеси (UWW) 2017-жылдын эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча балбандардын жаңы рейтингин жарыялады. Аталган рейтингге Кыргыз өлкөсүнүн 3 балбаны кирген.
Айсулуу Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмак категориясында дүйнөнүн мыкты балбандарынын арасында 3-орунда турат.
58 килограммга чейинки салмак категориясы. Алдынкы бешилтик:
Ал эми эркектер арасындагы эркин күрөш боюнча рейтингде, 2016-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунда 70 килограммга чейинки салмак категориясында коло медалды ээлеген Эламан Догдурбек уулу дүйнөнүн мыкты балбандарынын арасында 11-орунда турат. Ошондой эле Азия чемпиондугунун 74 килограммга чейинки салмак категориясында күмүш медалынын ээси Муслим Евлаев 8-орунда турат.
Эске салсак, аталган бирикменин мурунку рейтинги боюнча Айсулуу Тыныбекова 5-орунда турган.