Ысык-Көл райондук ооруканада медициналык жабдуулар, дарыгерлер жетишсиз болууда. Мындай маалыматты бүгүн, 13-июлда SUPER.KG порталына райондук оорукананын дарыгери Алмира Алдашова билдирди.
"Бүгүнкү күндө райондук бейтапканада дарыгерлер, жетишсиз болууда. Учурда дарыгерлердин 70 пайызы пенсия жашындагылар. Айлык маяна аз. Мамлекеттен берилүүчү 5 миң сомдук айлыкка жаш кадрлар келбей жатат. Бейтапканада керебеттер жетишсиз. Жай мезгилинде орундуктар аябай тартыш болот. Жууркандар эскирип жыртылган. Бейтаптарды жаткыргандан уяласың. Алар бизди кемсинтип, абалыңар ушулбу деп намысыбызга тиет. Жаңысын сатып алууга каражатыбыз жок. Ошол эле учурда медициналык жабдуулар жетишсиз, айрымдарынын эскилиги жеткен. Өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруучу аппарат жетишсиз. Райондук оорукана 86 миңден ашуун калкты тейлейбиз. Бизде болгону 96 керебет бар. Салыштырып карап көрсөк башка облустарда биздей бейтапканалар 250-400дөй керебети бар. Аймактагы ооруканаларды кыскартып салгандыктан 70-80 чакырым алыстыктан жол жүрүп келген бейтаптар бар", - деп билдирди Алдашова.
Мындан сырктары Алмира Алдашова ооруканада "Тез жардам" унаалары да жетишсиз экенин кошумчалап өттү.