"Суперфутбол-2013" мелдеши уланууда. Учурда КТРК жана "SUPER.KG" командалары жарым финалдык оюнда беттешүүдө. Эсеп 2:2, командалар айыгышкан мүнөздө оюнду улантууда. Айта кетсек, бүгүн мелдештин жарым финалдык жана финалдык оюндары өтөт. Оюндун 1-бөлүгүндө КТРК командасынын оюнчусу Кадыр Султаналиев гол жаратса, андан соң атаандаш команданын оюнчусу Санжар Жаныбеков командасына 1 гол алып келди. Кийинки голдорду КТРК командасынан Бозулан Исаков, оюндун 2-бөлүгүндө "SUPER.KG" командасынан Бексултан Ботобаев жаратышты.