Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Октябрь айылында сууга агып кеткен 9 жашар кыздын денеси табылды. Бул туралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өспүрүм кыздын жансыз денеси бүгүн, 13-июль күнү эртең менен саат 10:30дар чамасында издөө иштерине катышып жаткан туугандары тарабынан табылып, жакындары алып кетишкен.
Эскерте кетсек, 11-июлда саат 18:00дөр чамасында Савай каналынын жээгинде ойноп жүргөн 9 жашар кыз сууга түшүп кеткен. ӨКМ тарабынан куткаруучулар тартылып ага туугандары да кошулуп, издөө иштери жүрүп жаткан.