Ноокаттагы бир колун жырткыч жеп кеткен ымыркайды таштаган адам табылган жок

Ноокат районунун Төөлөс айылындагы адырдагы чуңкурга ымыркайды таштаган адам табылган жок. Мындай маалыматты бүгүн, 13-июлда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын тескөөчүсү Жанна Сатарбаева SUPER.KG порталына билдирди.

Буга чейин ушул жылдын 4-июнь күнү Төөлөс айылындагы адырдан бир колу жок, жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылгандыгы маалымдалган. Бул иш боюнча соттук-медициналык, биологиялык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

"Экспертизанын жыйынтыгы чыгып, иликтөө иштери жүргүзүлдү. Бирок 2 айылды тең текшерип чыкканда экспертизанын жыйынтыгына дал келчү жаш энелер табылган жок. Буга байланыштуу козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды. Баланы башка аймактардан келген бирөө таштап кеткен деген божомолдор бар", - деди Сатарбаева.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-13 15:49:49
Асстагфир Аллах ыргытам десенер мага эле берип койгулачы баланарды балама кошуп багып алам
+2
kolyn
2017-07-13 16:13:15
ХХХ.АЛЛАНЫН алдында жооп бересинер
+1
admin_superstan
2017-07-13 16:29:12
kolyn, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
XAHZAT
2017-07-13 19:41:12
ХХХ. Талаага ыргытпай дет домго тапшырбайбы. Наристенин убалы уктатпайт го. Ит дейин десең ит да баласын талаага таштабайт. Сөз жок кыскасы.
+2
Kulpunayabdivaitkyzy
2017-07-13 20:41:56
Ой кудай эмне деген шумдук,Адамдар эмне эле болуп баратабыз
+1
JaneEr
2017-07-18 13:09:43
Бироого зар бироого кор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан