Бишкек шаарында темир эшик басып калган 7 жашар баланын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Тез жардам" унаасы менен бейтапканага жеткирилген 7 жашар бала шаардык балдар клиникасына жеткирилген. Андан соң Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жандандыруу бөлүмүнө которулган. Бейтаптын баш мээси чайкалган. Учурда абалы канааттандырарлык, нейрохирургия бөлүмүнө которуу пландалууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, буга чейин көп кабаттуу үйдүн алдында 7 жаштагы баланы темир эшик басып калганы айтылган.