Жаңы салынып жаткан жолдордогу люктар жолдун курулуш иштери бүткөн соң оңдолот. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда SUPER.KG порталына "Бишкек асфальт сервис" ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров билдирди.
"Фрунзе, Лущихин көчөлөрүндөгү жаңы салынып жаткан жолдун бир тарабы кытайлык фирма, экинчи тарабы "Бишкек асфальт сервис" ишканасы менен жасалууда. Сиздерге билдирген ыңгайсыздык жаратуусу мүмкүн деген люктар жолдогу курулуш иштери бүткөндө жасалат. Алар жолдун деңгээли менен бирдей көтөрүлүп, тегизделет", - дейт Мирлан Амантуров.
Эскерте кетсек, буга чейин окурман Бишкек шаарындагы оңдолуп жаткан жолдордогу люктар эске алынбай жатканын кабарлап, "Фрунзе, Лущихин көчөлөрүнүн жолун кытайлык фирма жасап жатат. Асфальт төшөлдү, бирок канализация люктары жолдо чөгүп турат. Алар кеминде 5-7 сантиметр тереңдикте. Бул ыңгайсыздык жаратпайбы?" деп суроо салган.