SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөмдүн ойношунан баласы бар" деген тема талкууга алынган.
Темадагы автордун билдирүүсү: "Орто мектепти аяктап, ЖОЖго сырттан тапшырып коюп, ата-энем менен Москвага кеткем. Ал жакта эл сыяктуу 6 жылдай иштеп, ошол жактан өзүм теңдүү бир жигит менен таанышып, 6 айдан кийин турмуш курдук. Шаан-шөөкөтү жок эле мечитке барып, нике кыйдырып бирге жашап калдык. Мен ойлогондой жыргал жашоо деле болгон жок, кызганычтын айынан көп жолу урушуп, көп жолу мушташтык. Ал аралыкта боюма бүтүп, сегиз айлык болгондо мекенибизге келип кайын журтум менен таанышып, ошол жактан көз жардым. Кыздуу болуп, кызыбыз бир жашка толгондо жолдошум келип, шаарда жашап калдык. Дагы эле баягы жашоо мен аны, ал мени кызганып уруш-талаш болуп жүрүп, таарынып, беш-алты жолу төркүнүмө барып келиптирмин. Баары жакшы болот, өтүп кетет деп жүрүп, экинчисин да төрөдүм. Уул болчу. Мурда дагы бир урса кетип калам деп жүргөн жаным, эки балалуу болгон соң такыр байландым да калдым. Ошого карабай бир күнү аябай катуу уруштук, мушташтык. Ата-энемди чакырып баарын жыйыштырып, жууркан-төшөгүмдү алып кетип калдык. Күйөөм алып калууга бир топ аракет жасаса да, болбой кеттим. Бул жолку таарынычыбыз алты айга созулуп кетти. Балдарымдын тили чыгып, отурса, турса "атам" деп жүрөгүмдү эзишет. Бул ооруга чыдай албасымды билип, балдарым үчүн күйөөмө чалып, "алып кет" дедим. Таппай эле турган экен кайненем экөө келип көчүрүп кетишти. Жолдошум мурункудан өзгөрүптүр, иштериме киришпейт. Жакшы сүйлөп, балдарым менен алек болот. Эртең менен жумушуна кетет, кеч келет. Бирок бул күндөрүбүз узак созулган жок. Мен таарынып үйдө жүргөнүмдө күйөөм башка бир жесир аял менен жолугуп жүрүптүр. Анын эки баласы бар экен. Ошентип бири-бирин алаксытып, жолугуп жүрүшүп анысынын боюнда болуп калыптыр. Ал келин да башынан айтсам, алдыртып коёт деп төрт айлык болгондо айтыптыр. Жалган деп башында ишенбей жүрдүм, акыр аягы келип чын болуп чыкты. Азыр эмне кыларымды билбейм, менден өтүп ал көгөрөт, андан өтүп мен көгөрөм. Эки баламды атасыз өстүргүм келбейт. Жолдошум азыр ара жолдо турган кези. Мага айтпай барышып, нике кыйдырып алышыптыр. Никесиз бала төрөлбөсүн дешкен го. Жолдошумду жек көрөм. Бирок чырактай болгон уул-кызымдын атасы. Кантейин, аларды эстеп сай-сөөгүм сыздайт".
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Экөө менен тең жашоого уруксат берүүң керек. Бирдей карап, жесир аялды нике кыйдырып, экинчи аялдыкка алыптыр. Эми ичти кенен коюп, кызганбай балдарың үчүн жаша. Кеткен өзүң, атасыз өспөсүн деп келген да өзүң экенсиң. Болор иш болуптур, балдарың чоңойсо бала бакчага берип жумуш таап иштеп, кайненеңдин үйүндө жашай бер".
"Ал келинди "ойнош" деп атаганыңыз да болбойт. Себеби нике кыйылган, жолдошуңуз жоопкерчиликти моюнуна алган. Такыр болбой баратса талакты алыңыз да, турмушту жыйыштырып коюңуз. Бирок бул деле көпкө созулбайт да. 1-2 ай чыдайсыз, анан үчүнчү айда балдарыңыз аталайт дегендей".
"Кагылайын кыргызымдын мырзалары, эмнеге мынчалыкка барып жатасыңар, эч түшүнө албай койдум. Эмнеге намыстуу, туруктуу болуп, аялзатын барктабайсыңар? Араңарда жакшы эркектер бар, бирок аз. Кыргыз эркектери деген статусту жоготпой камкор ата, сүйүктүү жар, ата-эне үчүн кайрымдуу эркек болгулачы, суранам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.