Бишкек шаарынын 12-кичи районунда Мерседес үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 12-июлдан 13-июлга караган түнү болгон. Өрт тууралуу маалымат саат 03:35те келип түшүп, 04:15тер чамасында толук өчүрүлгөн. Натыйжада унаанын мотор тарабындагы бөлүгү жана ичи күйүп кеткен. Ошондой эле өрттөн жабыр тарткандар жок экендигин кабарлашты.