Бүгүн, 13-июль күнү Бишкек шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда Хамид Сансанза коло медалдын ээси болду.
Дзюдо боюнча 60 килограммга чейинки салмак категориясында коло медаль үчүн мелдеште Кыргыз спортчусу Хамид Сансанза казакстандык Нурзат Салымбаев менен беттешти.
Маалымдай кетсек, мелдеш 2000-2002-жылкы спортчулар арасында жүрүп, ага 15 өлкөдөн (Кыргыз өлкөсү, Гонконг, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Ливан, Макао, Монголия, Пакистан, Сауд Аравиясы, Түштүк Корея, Тажикстан, Өзбекстан жана Вьетнам) келген жалпы 158 спортчу катышып жатат.
Эске салсак, буга чейин 50 килограммга чейинки салмак категориясында Кубанычбек Айбек уулу коло медалын жеңди.