Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылынын 30 жаштагы тургуну Нарын дарыясына түшүп кетип изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматта белгилүү болгондой, окуя 10-июлда болгон. Аталган жаран айылды жээктеп аккан Нарын дарыясына айылдаштары менен балык уулоого барган. Жалпысынан 3 адамдын экөө сууга түшүп кетишкен. Ал эми бирөө суудан сүзүп чыгууга үлгүрүп, изделип жаткан жаран чыга албай агып кеткен. Бул тууралуу Нарын облустук ӨКМнын куткаруу бөлүмүнө кайрылганыбызда жаран табыла электигин, аны издөө иштери уланып жаткандыгын кабарлашты. Эки күндөн бери изделип жактан адамдын 2 баласы бар экени белгилүү болду.