"Зениттин" чабуулчусу Александр Кержаков карьерасын жыйынтыктады

Орусиянын "Зенит" клубунун футболчусу 34 жаштагы Александр Кержаков көк майсаңдагы карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу аталган клубдун президенти Сергей Фурсенкого таяп, "Р-Спорт" басылмасы жазып чыкты. Буга чейин белгилүү болгондой, Кержаков "Зениттин" жаштар командасынын координатору болуп дайындалган.

"Ал футболдук карьерасын жыйынтыктады. Анын тажрыйбасы жана профессионалдуулугу селекциянын өнүгүшүнө жумшалат. Кержаковдун бизге жардамы тие турган жетиштүү тажрыйбасы бар. Биз аны клубдан татыктуу узатып жиберүүнү уюштурабыз. Ага атактуулар чакырылышы мүмкүн", - дейт Фурсенко.

Ал Кержаковдун коштошуу матчы качан болорун дайындай электигин кошумчалады деп жазат спорттук-маалымат булагы.

Маалымат үчүн: Александр Кержаков "Зенитке" 2001-2006-жылдар аралыгында жана 2010-2017-жылдар аралыгында ойногон. Петербургдук клубдун курамында чабуулчу Орусия чемпиондугун 3 ирет жеңген. Орусиянын Суперкубогунун 2 жолку ээси жана Орусия кубогун 1 жолу жеңген. "Зениттен" тышкары Кержаков москвалык "Динамо", испаниялык "Севилья" жана Швейцариянын "Цюрих" клубунун курамында да ойногон.

Ал карьерасында 91 матч өткөрүп, Орусиянын курамасы үчүн 30 гол киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monok2001
2017-07-14 00:03:52
орусиянын эн кучтуу бомбардири эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан