Бишкек шаарындагы Мухтар Ауэзов көчөсү аркылуу өткөн Чоң Чүй каналындагы көпүрөнүн абалы адамдарга кооптуу абалды жаратууда. Бул тууралуу SUPER.KG'нин окурманы WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Көпүрө тар, андагы тактайлар чирип, бузулуп кеткендиктен адамдардын өтүүсүнө ыңгайсыз. Өзгөчө балдарды араба менен сүйрөп өтүп бара жатканда өмүрүңдү тобокелге саласың. Эки четине тосулган темирлердин көбү сынып жок болгон. Сууга түшүп кетүү да коркунучу бар. Бул көпүрө качан оңдолот?" - деп суроо салат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.