Борис Немцовдун өлүмүнө айыпталгандар соттолду

Орусиянын Москва аскердик соту Борис Немцовдун өлүмүнө шектелген Чеченстандын Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Заур Дадаевди күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты. Ал эми Дадаевге көмөктөшкөн деп айыпталган Анзор Губашев 19 жылга жана Шадид Губашев 16 жылга кесилди. Андан сырткары Хамзат Бахаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин прокурор Дадаевди өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылган.

Айта кетсек, белгилүү оппозициялык саясатчы Борис Немцовду 28-февралга караган түнү Кремлдин жанынан ак түстөгү унаадан белгисиз адам чыгып, тапанча менен төрт жолу атып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу каза тапкан.

Борис Немцов өлтүрүлгөндөн кийин Орусиянын бир катар шаарларында, Европа өлкөлөрүндө жана Бишкек шаарында саясатчынын элесине гүл коюу менен нааразылык акциялары, жөө жүрүштөр орун алган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан