Элчилик: "Санкт-Петербург шаарындагы өрттөн каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок"

Санкт-Петербург шаарындагы өрттөн каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Айта кетсек, 12-июлдан 13-июлга караган түнү Санкт-Петербург шаарындагы темир бетон конструкцияларын чыгарган ишканада өрт чыгып, анын кесепетинен анда иштеп жаткан 7 адам каза болгон. Кийин каза болгондордун баары Өзбекстандын жарандары экени белгилүү болгон.

Айрым орусиялык басылмалар өрт болгон имаратты ижарага алып иштеткен аялдын кармалганын жазып чыгышты. Ошондой эле Орусиянын тергөө комитети тарабынан кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн келип чыгышына электр чубалгыларынын чукул туташуусу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан