Cуперфутболдун жарым финалы: "Билайн" "Аю" командасын 2:0 эсебинде утту
Бишкекте өтүп жаткан "Суперфутбол-2013" мелдешинин жарым финалдык оюнунда беттешкен "Билайн" жана "Аю" командаларынын оюну аяктады. Кызуу атаандаштыкта уланган оюнда 2:0 эсеби менен "Билайн" командасы жеңүүчү болду. Ошентип, "Билайн" командасы "Суперфутбол-2013" мелдешинде КТРК командасы менен 1-орун үчүн ат салышмакчы. Айта кетсек, 2 голду "Билайн" командасынын оюнчулары Автандил Балыкчиев менен Азамат Мирзакаримов жаратты. Ал эми утулуп калган "Аю" командасы 3-орун үчүн "SUPER.KG" командасы менен беттешет. Учурда көк майсаңга Аваз Акимов "Айганыш" аттуу ыры менен чыкты.