Бишкек-Ош унаа жолунда жеңил унаа Чычкан суусуна түшүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык тууралуу маалымат кечээ, 13-июль күнү саат 19:00 чамасында келип түшкөн. Анда Бишкек-Ош унаа жолунун 270-чакырымында Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаанын Чычкан суусуна түшүп кеткени айтылган. Унаанын ичинде 6 жүргүнчү болгон, бактыга жараша, алар эч кандай жаракат алышкан эмес. Унаанын ичиндеги кишилер өз адынча чыгып кетишкен.
Кырсыктын келип чыгышына айдоочунун рулду башкара албай калганы себеп болгон.