Бишкекте паспорт столдун кызматкери чет элдик жарандан 3 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкекте паспорт столдун кызматкери чет элдик жарандан 3 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Свердлов райондук паспорт-виза жана каттоо иши бөлүмүнүн кызматкери П.А. чет элдик жарандан 3 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал чет элдик жаранга иммигрант статусун каттап берүүнү убадалаган. Азыркы тапта "пара талап кылуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү аял УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Targarien
2017-07-14 09:49:39
Ушундайлардын айынан паспорттун баркы кетип жатат Дагы бир кытайды кыргыз кылам десе керек Ошондуктан улуту деген графа алынбашы керек
+11
nurik11-29
2017-07-14 09:57:37
паранын устуно пара болот!!Пара берсе кутулуп чыгат,пара алып колго тушту дегенди эле угавыз,камалды соттолду деген нерсе угулбайт!!!!!!!!!!
+13
aerforce
2017-07-14 10:04:21
Каттуу чара көрүлсүн мына ушундайлардын артынан Кыргызстандыктарды терорист кылып бүттү Кытай Кыргызстандын жарандарын киргизбей калды
+8
portugalia
2017-07-14 10:38:30
Рас болуптур.Ошого окшогон мини курттар кобойду
+3
Asan123
2017-07-14 10:47:22
Башын уктук аягы эмне мн бутушун дагы чыгаргыла
+4
Revolyutsiya2
2017-07-14 11:57:53
Булар кыргыздардын атынан хаджга баргысы келген уйгур, афган, пакистандыктарга да, кыргыз паспортун алгысы келген кытай, корей, туркко да, чон теракт пландаган радикал-террористтерге да паспорт бере беришет...

Эртен кыргыз жарандыгын/паспортун алган кытай Кыргызстанды каптап кетсе, аларды баары бир кууп чыга албайсын, аларга паспорт бергендерге балээ да болбойт, жазадан качып кутулат, алган парасынын бир болугун берип...

Ал эми теракт болсочу, ошол акмактардын айынан?!
+2
zevs
2017-07-14 11:59:34
kanchalagan kytaylar jyrgap jurot kyrgyzstanda akcha menen baaryn buturosun dep koyup.negizinen alyp karasan chyn ele akcha menen baaryn buturo ala turganday ele okwoyt
+1
Revolyutsiya2
2017-07-14 12:01:48
Буга окшогондорду 20-30 жылга камаш керек эле, булардын "крышасы" Акуйдо отуруп эл башкарган кит-коррупционерлер болсо, эмне кыла алмак элек?!! Кааласа эл козуно бироону камайт чыгаар, ал эми калгандары сакасын алып, кытай-корейлерге, радикал исламчы-террористтерге паспорт бере беришет да...
+3
kenjebek_a
2017-07-14 12:35:54
ХХХ.Балким бир терордук уюмдун мучосуно берип жаткандыр анан теракт жасаса канчалаган кыргыз омурлор кыйылат.Соттосон биздикилер акчасын алып жонотуп коюшат.Ансыз да соттордун жузун коруп эле турабыз.Соттоп убара болуштун кереги жок.
0
admin_superstan
2017-07-14 14:00:13
kenjebek_a, провокацияга жол жок. Эскертүү!
-1
TalaCSKA
2017-07-14 14:03:01
Деги корупция менен кармалгандар турмого олтурду деп уктунар беле ???мен уга элекмин же чет олкого качат же оорукчан болуп больницага жатып алат эн кыйыны сизодо бир эки ай олтурат да чыгып кетет
+1
TalaCSKA
2017-07-14 14:05:36
Негизи биздеги жакырчылык кылмыштылуук миграция дагы коптогон койгойлор именно ошол корупциянын айынан болуп жатат .пара алып элдин ырыскысын жеген айбандарга эки дуйнолук наалат !!!!
+2
jbolotov
2017-07-14 16:20:35
Т.Сариев миллиондорду жеди деп иштен кетти элего ошол иш жонундо жазсанар боло редакция.
+1
Gamze90
2017-07-14 17:05:38
Ушундайлардын айынан бутундой Кыргыз жаман корунуп жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан