Төө-Ашуудагы тоннелде желдетүү системдерин оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда SUPER.KG порталына Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, желдетүү системдерин оңдоп-түзөө иштери 25-июлга чейин уланат. Мындан улам ар күн сайын эртең менен саат 07:00дөн 09:00гө чейин, ал эми кечкисин 00:00дөн 02:00гө чейин тоннель эки тарабынан тең бардык унаалар үчүн жабык болот.
Айта кетсек, оңдоп-түзөө иштери бүгүн башталган. Көпчүлүк айдоочулардын мындан кабары жок болгондуктан эртең менен тоннелдин эки тарабында тең унаа тыгыны пайда болгон.