Бишкекте 9 жаштагы баланын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 10-июль күнү Бишкектеги 12-кичи райондо болгон. Анда 9 жаштагы эки бала уруша кетип, биринин мурду канап кеткен.
"Мурду канап кеткен баланын атасы жанындагы баланы бетке чаап жиберген. Азыркы тапта Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.