Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде 13-июль күнү жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпиондугунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Ачылыш аземге Азиянын дзюдо биримдигинин президенти Обайд Аль-Анзи катышты. Ал спортчуларга ийгилик каалап, Кыргыз өлкөсү Азия аймактарында дзюдону өнүктүрүү боюнча өзгөчө орунда турарын белгиледи.
Ошондой эле дене тарбия имаратынын ичине күйөрмандар толуп, спортчуларды кыйкырык менен колдоп турушту. Ачылыш аземи "Манас" эпосунун үзүндүсүн айтуу менен башталып, соңун кыргыз бийи жыйынтыктады.
Маалымдай кетсек, мелдеш 2000-2002-жылкы спортчулар арасында жүрүп, ага 15 өлкөдөн (Кыргыз өлкөсү, Гонконг, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Ливан, Макао, Монголия, Пакистан, Сауд Аравиясы, Түштүк Корея, Тажикстан, Өзбекстан жана Вьетнам) келген жалпы 158 спортчу катышып жатат.