Салянованын сотунда күбө катары Алмамбет Шыкмаматов суралды

Бүгүн, 14-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Соттук отурумдун жүрүшүндө күбө катары Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов суралды.

2013-жылы Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышы боюнча массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Мен Мамбеталиевадан тактоо иретинде сурагам. Ал мага бул иште мыйзам бузуулар болбогонун билдирген. Мыйзамга ылайык, Елисеевдин лицензиясын узартууну артка кайтаруу боюнча негиз жок болчу. Мен сот, сизге да, прокурорлор, силерге да айтам. Бул иш силердин эмгек жолуңуздарда эң күлкүлүү иш бойдон тарыхта калат”, - деди Шыкмаматов.

Ал эми прокурорлор Шыкмаматовдун Елисеев менен кандайча тааныштыгы бар экенине кызыгышты.

Ага Шыкмаматов “2010-жылга чейин мен Елисеевди Максим Бакиевдин коррупциялык иштеринин демилгечиси катары билчүмүн” деп жооп берди.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asan123
2017-07-14 11:06:23
Бийликте кайдагы саткындар эмне эле кылып жатканын тушунсо олойун
Ушакчы катындардай тигини угуптур айтыптыр ушуга окшогон соз чон сотто боло береби сотосо я чумашкалар кайдан чыкан талантуу адамсынар качан нормально башты иштетип сот алып барасынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан