"Суперфутбол-2013" мелдешинде "SUPER.KG" командасы "Аю" командасынын дарбазасына удаасынан 2 гол киргизди. Учурда беттештин 1-бөлүгү аяктап, эсеп 2:0. Кыска тыныгуудан кийин командалар кайрадан беттешке чыгышат. Айта кетсек, Суперфутболдо "SUPER.KG" командасы менен "Аю" командасы 3-орун үчүн ат салышууда. Көк майсаңда ырчы Нурмат Садыров көрүүчүлөргө "Мен сүйгөн менен пайда жок" аттуу ырын тартуулоодо.