Бүгүн, 14-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Соттук отурумдун жүрүшүндө Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова бардык келтирилген өтүнүчтөр четке кагылып жатканын айтып, сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү.
“Сиз өтүнүчтөрдүн биринин да түшүндүрмөсүн көргөзбөстөн, мыйзамдарга таянбастан четке кагып келе жатасыз. Ар бир сот мыйзамда четке кагылган өтүнүчтөр үчүн түшүндүрмөсүн бериши керек. Сиздей адамдар кантип сотто иштеп жүрөт?” - деди жактоочу.
Сотко төрагалык кылуучу Кубанычбек Касымбеков жактоочуну тартип сактоого чакырып, протоколго жактоочунун тартипти сактабай жатканын киргизди. Ал эми жактоочу сот мыйзамдарды өзү сактабай жатканын айтып, сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бирок ал ишенбөөчүлүк көрсөтүү өтүнүчү канааттандырылган жок.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн.